Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Зарылбек Рысалиев реанимациядан палатага которулат


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада жаткан Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев реанимациядан кадимки палатага бүгүн которулушу мүмкүн.

Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Александра Олексюк «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Рысалиевдин абалы оңолуп баратат. 11-июнда дарыгерлер консилиум өткөрүп, депутатты реанимациядан которууну чечкен.

- Диагнозу мурдагыдай эле. Абалы туруктуу. Динамикасында анча чоң эмес жылыш бар. Бир сөз менен айтканда, динамикасы жакшы. Бүгүн аны бөлүмдөгү палатага которуу пландалууда, - деди Олексюк.

Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткени боюнча кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Батукаев бошотулган учурда Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган.

Тергөөнүн алкагында Батукаевге «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 26-июнга чейин камалган. 7-июнда ИИМ Атаханов «тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн» маалымдады. Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.

2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Батукаев абактан чыккан кезде Башкы прокуратураны жетектеген экс-депутат Аида Салянова да өткөн аптада кармалып, 26-июнга чейин камалган. Шаардык сот бүгүн анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, мурдагы соттун чечимин күчүндө калтырды. (NT)

XS
SM
MD
LG