Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:54

Салянованы камоонун мыйзамдык өңүтү


Аида Салянова.

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы жоопко тартыш үчүн парламенттин макулдугу керек экенин билдирди.

Ал муну Баш мыйзамда президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, судьяларга жана башкы прокурорго иммунитет каралганы менен байланыштырды. Юристтердин арасында «мындай артыкчылык президенттик кызматтан башкаларга алар кызматта турган учурда гана берилет» дегендер бар.

Аида Саляновага каршы козголгон иш жана аны камакка алуу мыйзамсыз болгону тууралуу Өмүрбек Текебаевдин пикири социалдык тармакка 10-июнда жарыяланды. Анда Конституцияда президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, судьяларга жана башкы прокурорго иммунитет каралганы айтылат. Саясатчынын көз карашында президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент, ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Соттор кеңешинин макулдугун алуу зарыл.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Баарыбызга белгилүү, Аида Салянова ал башкы прокурор болуп турган мезгилдеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, экс-башкы прокурор Аида Салянованы кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек», - деп айтылат Текебаевдин маегинде.

Мунун алдында депутат Рыскелди Момбеков Аида Саляновага кылмыш ишин козгоодо Баш мыйзамдын беренелери бузулганын жарыялаган.

Бирок юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев Текебаев менен Момбековдун пикирине кошулбайт. Ал жогорку кызмат адамдарына берилчү иммунитет алар кызматта турганда гана иштейт деп эсептейт.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Өмүрбек Текебаев ушинтип айтып жаткандан кийин ал бул мыйзамдын кайсы жерде жазылганын, кайсы берене экенин да көрсөтүп койсо болмок. Экинчиден, иммунитет же кол тийбестик кызматта турган адамга гана ал ишин жакшы аткарсын деп берилет. Мурун судья болгон, депутат болгон, прокурор болгондорго мындай артыкчылык берилбейт».

Конституциянын 74-беренесинде «Жогорку Кеңеш президенттин сунуштамасы менен башкы прокурорду дайындоого жана жоопко тартууга макулдук берет» деп жазылган.

Ал эми "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде «Башкы прокурор ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде Жогорку Кеңештин макулдугусуз камакка алынышы, сот тартибинде салынуучу администрациялык жаза чараларына тартылышы, жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес» деп белгиленген.

Кыргызстандын тарыхында мурдагы башкы прокурор кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар бар. 2010-жылдагы апрель окуяларында тынч жарандарга ок атууга байланыштуу күнөөлөнүп мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылып, 2017-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган.

Ал «Азаттыктагы» маегинде экс-башкы прокурорду жоопко тартуу боюнча парламенттин уруксатын алыш керек экенин айтып, убагында ошол кездеги башкы прокурор Аида Саляновага кат жазганын билдирди. Ал кезде парламент шайлана элек экенин эске алып, маселени Убактылуу Өкмөт карашы керек экенин билдирген:

Конституцияда ага «коркпой-үркпөй чечим кабыл ал» деп өтө чоң иммунитет берилген.

«Мен «бул жаман прецедент. Мындан кийин башкы прокурор болуп иштегендер да жоопко тартыла баштайт» деп айткам. Башкы прокурор - жоопкерчиликтүү жумуш. Ал Кыргыз Республикасында кылмыш саясатын жүргүзгөн, мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн адам. Ал сотто мамлекеттик айыптоочу болуп, ушул саясатты колдогон киши. Ошондуктан Конституцияда ага «коркпой-үркпөй чечим кабыл ал» деп өтө чоң иммунитет берилген».

Ал ортодо Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова жана «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Саляновага козголгон иш негизсиз экенин айтышты.

Сыдыкова кримтөбөл Батукаевдин эрте бошотулушу боюнча кайра жандандырылган иште Саляновага каршы бир гана мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиев көрсөтмө бергенин, ал да эч кандай факт менен бышыкталбаганын билдирди. Ал эми Батукаевдин ишине байланыштуу прокуратура убагында мыйзамдуу иш алып барганын айтты:

Рабига Сыдыкова.
Рабига Сыдыкова.

«Прокуратура Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, аны иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) тапшырган. Экинчиден, Башкы прокуратура Батукаевге чыккан соттун чечимине баа берүү тууралуу өтүнүч менен Соттор кеңешине кайрылып, «мыйзам бузуу жок» деген жооп алган. Булар прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралар. Батукаевдин бошотулушуна Аида Салянованын тиешеси жок. Анткени ал эч кандай чечим кабыл алган эмес».

Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу иш быйыл кайра жандандырылып, анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да камакка алынып, тергөө менен кызматташканы үчүн 8-июнда үй камагына чыкты.

«Саляновага камактан басым болушу мүмкүн»
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берип чыккандан кийин ооруканага түштү. Анын кеңешчиси болгон Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Ал Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен 2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасынын эфиринде Батукаевдин ишинде прокуратуранын кетирген кемчилиги тууралуу буларды белгилеген:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Салянованын өзүнөн одоно кемчилик кеткен дегенден алысмын. Бирок Батукаевди бошотуу боюнча соттук процесске катышкан прокурордон катачылык кеткен. Азыр «ал прокурорго Майрамбек Акматалиев тапшырма берген, Майрамбек Акматалиевге Салянованын орун басары Людмила Усманова ага Аида Салянова өзү тапшырма берген» деген байланыш тууралуу сөз болуп атат. Анын канчалык чындыгы бар экенин баарын карап турбагандан кийин айтыш анча туура эмес. Бирок прокуратуранын сотко катышкан кызматкеринен өтө чоң, одоно ката кеткен».

Ал арада Аида Салянованын коопсуздугу тууралуу да маселе козголду. Бул тууралуу парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кеп кылды.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Биз бүгүн бир нече депутаттар №1 тергөө абагына барып Саляновадан кабар алдык. Ал жерде Салянованын инисин өлтүргөн кылмыштуу топтун башчысы кармалып туруптур. Мунун өзү эле ага карата моралдык басым, коркунуч болуп жатканын далилдеп турат. Негизи эле укуктук мамлекеттерде башкы прокурор болуп иштеген адамды жалпы кылмышкерлер менен бирге отургузбай, өзүнчө бөлүп отургузат. Салянованы УКМКнын камак жайына алып барыш керек эле», - деди Шыкмаматов.

Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага психологиялык басым болуп жатканын четке кагып, «Азаттыкка» ал кармалган корпуста камералар орнотулганын билдирди:

«Эмне себептен адвокаты андай билдирүү таратып жатканын билбейм. Адвокаты, депутаттар келип жатат. Кыйноонун алдын алуу борборунун, Акыйкатчынын, атайын прокуратуранын өкүлдөрү келип жатат. Эгер ошондой эле кысым болуп жатса аларга айтмак. «Эч кандай доом жок» деп өзү деле айтып жатат. «Блатнойлор» ээн-эркин басып жүргөнү тууралуу маалыматты четке кагабыз, себеби ал жерде онлайн-режимде иштеген камера баарын тартып турат. Аны борбордук аппараттагы операторлор карап турушат. Ооруп эле же башка бир нерсе болуп кетпесе, камерага кызматкерлер да кире алышпайт».

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат. Ал 5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камакка алынган.

2013-жылы убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссия Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынан бошотулса, айрымдары тескерисинче көтөрүлгөн.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу быйыл жанданган ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Чын-чынына келгенде Азиз Батукаев азыр да тирүү экени белгилүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (52)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG