Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Бишкекте кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрү өтөт


Си Цзиньпиң жана Сооронбай Жээнбеков. 12-июнь, 2019-жыл.
Си Цзиньпиң жана Сооронбай Жээнбеков. 12-июнь, 2019-жыл.

Бүгүн 13-июнда Бишкекте кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрү өтөт. 12-июнда Кыргызстанга Кытайдын лидери Си Цзиньпиң мамлекеттик сапар менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан аны кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Бүгүн кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрүлөт, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. Сапардын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт.

Ал эми эртең, 14-июнда Си Цзиньпиң Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмундагы мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG