Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Финчалгындын башчысы Матраимовдор менен тууганчылыгын ырастады


Гүламжан Анарбаев жана Райымбек Матраимов.
Гүламжан Анарбаев жана Райымбек Матраимов.

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Матраимовдор менен тууганчылык байланышы тууралуу комментарий берди. Анарбаевдин билдирүүсүн «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы берди.

«Матраимовдор мындан 20 жыл мурун менин карындашымды келин кылып алган. Алардын баш кошконуна 20 жыл толду, чоң уулу 19 жашка чыгып калды, жакшыбы-жаманбы, жашап атышат. Аларды: «Кой, мага сөз тийип атат» деп ажыраштырып жибериш керекпи? Баарын эле жумуш менен аралаштыра берген да туура эмес. Мени Матраимовдор менен байланыштырган мамиле да, кызыкчылыктар да жок. Алар өзүнүн жолунда, биз өзүбүздүн жолубузда жүрөбүз», деп айтылат Гүламжан Анарбаевдин билдирүүсүндө.

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы мындан сырткары буга чейин анын дарегине айтылып жаткан сөздөрдү да четке кагып, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго да тууган, куда эмес экенин билдирет. Ал муну «чындыкка дал келбеген ушак» деп атаган.

Аз күн мурдараак парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Гүламжан Анарбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана депутат Искендер Матраимовдор менен тууган экенин айтып, алардын мүлкүн иликтөө калыс жүрөрүнөн күмөн санаган.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган. Буга байланыштуу коомдук пикирлерден кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жана Финансылык чалгын кызматы териштирүү жүргүзө баштаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда иликтөөдө айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG