Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн, 14-июнда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантууда.
Жараяндын жүрүшүндө алардын адвокаты Сергей Слесарев мектептин курулушуна байланыштуу эпизод боюнча экспертизанын материалдарын кылмыш иштин курамынан алып салууну өтүндү. Ал буга экспертизанын жүрүшүнө Кубанычбек Кулматов катышпаганын жүйө келтирди.
Өтүнүчтү караганы кеткен судья Кубанычбек Касымбеков кеңешүү бөлмөсүнөн келгенден кийин жактоочунун өтүнүчүн четке какты. Судья муну далилдерге өкүм чыккан учурда баа берилери менен түшүндүрдү.
2-майда Бишкектин Ленин райондук соту Кулматов менен Ибраимовдун тергөө абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.
Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.
Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес. (ErN)