Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Оман булуңундагы эки танкерге жасалган чабуулдагы Ирандын ролун айгинелейт деген видеону жарыялады.
Бейшемби күнү жарыяланган бул видеодон Ирандын "Ислам революциясынын сакчылар корпусуна" таандык кеменин экипажы бутага алынган мунай танкерлеринин биринен жарылбай калган минаны алып жаткандай көрүнөт.
Пентагон Ирандын күчтөрү чабуулдан кийин изин жаап-жашырууга аракет кылды деп ишенип турганын АКШнын расмий өкүлдөрү CNN телеканалына билдиришти.
13-июнда Оман булуңунда болгон чабуулдан Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган кемелери жабыркаган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео чабуул үчүн Иранды айыптаса, Тегеран бул окуяга тиешеси жок экенин билдирип, бул чагымчыл аракет болушу мүмкүн экенине ишара кылган.
Май айында Бириккен Араб Эмираттарына таандык акваторияда төрт кеме "диверсиялык чабуулга" кабылганы кабарланган.