Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Саакашвили шайлоого «Жаңы күчтөр кыймылын» баштап барат


Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.
Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили украин парламентине шайлоодо «Жаңы күчтөрдүн кыймылы» деген партияны баштап барат. Бейшемби күнү саясатчы Киевдеги атайын басма сөз жыйынында партиясынын талапкерлери менен тааныштырды.

Саакашвили Жогорку Радага коалиция түзүү же соодалашуу үчүн эмес, өлкөнү өнүктүрүү үчүн баратканын билдирди. Бирок ага акыркы беш жылда Украинада жашабагандыктан, талапкер катары каттоодон өтпөй калышы мүмкүн. Саакашвили андай болсо, соттун чечимин аткарууга даяр экенин айтты. Ошол эле маалда мыйзам ага кайсы бир партияны жетектөөгө чектөө салбайт.

2015-жылы ошол кездеги президент Петро Порошенко саясатчыны Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган жана украин жарандыгын берген. Эки жылдан кийин президент өз чечимдерин жокко чыгарган.

Өткөн айда жаңы мамлекет башчы Владимир Зеленский саясатчынын украин жарандыгын калыбына келтиргенден кийин Саакашвили Нидерланддан Польша аркылуу Украинага кайтып келген.

XS
SM
MD
LG