Линктер

бейшемби, 27-июнь, 2019 Бишкек убактысы 06:30

Жээнбеков индиялык ишкерлерди инвестиция салууга чакырды (видео)


Сооронбай Жээнбеков

2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион доллар болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда айтты.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн соода кызматташтык жаатындагы дарамети толук колдонулбай жатканын белгиледи.

"Азыркы кыргыз-индия соода-сатыгын бир кыйла жакшыртууга потенциал бар. Айрыкча кыргыз тараптын экологиялык жактан таза органикалык продукциясын Индияга экспорттоонун көлөмүн жогорулатса болот. Алар Индиянын барган сайын кеңейип бараткан зор рыногунан өз керектөөсүн табат. Буга мен терең ишенем",-деди ал.

Кыргызстан менен Индиянын соодасы солгун
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

Президент андан тышкары Индиядан инвесторлорду жана фонддорду Кыргызстанга келүүгө чакырды. Жээнбеков Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, инвестордун активдери менен жеке менчиктери коргоого алынганын билдирди.

"Алар кол тийгис жана буга кыргыз мамлекети толук кепилдик берет. Биз ички инвесторлорду гана эмес, сырттан келген инвесторлорду да коргоого көңүл буруп атабыз. Сырттан келген инвесторлор менин жеке көзөмөлүмдө болот",-деди Жээнбеков.

Бизнес-форумга Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, кыргызстандык жана индиялык ишкерлер да катышты. (BTo\ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG