Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын абалы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди. Ал мурдагы башкы прокурордун саламаттыгы начарлап, абалы өтө оорлоп кетти деп айтылгандарды төгүндөдү.
- Дарыгерлердин сунушу болсо биз аны ооруканага чыгарабыз. Азырынча андай нерсе жок. Бүгүн жүрөгүн тарттырса керек. Бирок ооруканага жаткыруу керектиги боюнча эч ким сунуш берген жок. Абалы туугандары айткандай өтө коркунучтуу эмес. Кадимкидей эле. Тергөө абагында отургандан кийин сөз жок стресс болот. Балким ошондон ооруп атышы мүмкүн. Сиңдиси, адвокаты маалымат берип жатат. Түндө эки жолу "Тез жардам" чакырды деп да жазып атышат. Мындай маалымат чындыкка жатпайт. Салянова келгенден бери бир жолу гана "Тез жардам" чакыртылды.
Ишембиде Аида Салянова Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жүрөгүн текшерүүгө алып келинген. Анын туугандары дарыгерлер мурдагы башкы прокурорду тез арада ооруканага которуу керектигин айтканы менен Жаза аткаруу кызматы ага тоскоол болуп жатканын билдиришкен.
14-июнда Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова саясатчыны абактан ооруканага которуу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга өтүнүч жибергенин маалымдаган.
Ага чейин айрым басылмалар Саляновага түнү менен бир нече жолу "Тез жардам" кызматы чакырылганын жазып чыгышкан.
5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары 3-июнда камакка алынган. (NT)