Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Гонконг: нааразылык жараткан мыйзамды кабыл алуу кийинкиге калды


Гонконгдогу нааразылык акциясы. 12-июнь, 2019-жыл.
Гонконгдогу нааразылык акциясы. 12-июнь, 2019-жыл.

Гонконгдун бийлиги шаардын жашоочуларын Кытайга экстрадициялоо жолдорун жеңилдетүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу жараянын расмий токтотту. Мунун алдында Гонконгдо бир жумага созулган жапырт каршылык акциялары болуп, ага миллионго чукул киши чыккан.

Бээжинге баш ийген Гонконгдун администрация башчысы Кэрри Лам 15-июнда "коомдогу тынчтыкты мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүүгө мезгил келип жетти" деп билдирди.

Анын айтымында, шаар бийлиги мыйзам боюнча коомдун бардык катмарынын оюн угуп, кеңешмелерди өткөрөт.

Британиялык "The Guardian" басылмасы Кэрри Лам бийлик документти кабыл алуу ниетинен толук баш тартпаганын кыйытып, бирок кеңешмелер качан бүтө турганын так айтпаганын жазды.

Гонконгдун парламенти мыйзам долбоорду 12-июнда кайра карашы керек эле. Бирок ага каршы чыккандар өкмөттүк имараттарга кеткен жолдорду тосушту. Ал кезде митингге чыккандардын саны ар кандай эсеп боюнча 300 миңден миллионго чейин жетти.

Тынчтык акциялары полиция жана элдин кагылышуусу менен аяктады. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонду. Мыйзам долбооруна каршы чыккандар 16-июнда да көчөгө чыгууну пландап жатышкан.

Алар Кытай бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары өткөрүлүп берилген. Бирок акыркы убактарда Кытай Гонконгдун автономиясын чектөөгө багытталган бир катар кадамдарды жасап жатат.

XS
SM
MD
LG