Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Гонконгдун элин чочуткан мыйзам


Гонконгдогу митингдин катышуучулары.
Гонконгдогу митингдин катышуучулары.

Гонконгдун жүз миңдеген тургуну жекшембиде Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына чыкты.

Учурда талкууланып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, ал адамдарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого жол ачат.

«Кытайга экстрадициялоого жол жок!», «Кытайга өткөрүлсөң дайынсыз жоголосуң» деген ураандарды чакырган Гонконгдун жүз миңдеген тургундары жекшембиде Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул 1997-жылы Британия шаарды өзгөчө макам менен Кытайдын ээлигине өткөрүп бергенден берки эң ири акция катары бааланууда.

Уюштуруучулар көчөгө чыккандардын саны миллион кишиден ашканын кабарласа, полиция алардын саны 240 миңдей болгонун билдирди.

Гонконгдун эли митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

37 жаштагы Гонконгдун тургуну Тоби Чоу: «Мен эң башкысы кара ниет мыйзамга каршы туруу маанилүү деп эсептейм, анткени ал гонконгдук адамдарга тиешелүү болот. Буга чейин бул алардын иши эмес деп ойлоп келген адамдар да азыр бул мыйзам аларга да тийе турганын түшүнүп жатышат» деди.

Акциянын катышуучуларынын көбү 2014-жылдагы нааразылык акциясынын символуна айланган кол чатырларды көтөрүп чыгышты.

Буга чейин Гонконгдун бийлиги Кытайда өлүм жазасына тартуу кеңири жайылгандыктан жана юридикалык системанын калыстыгынан күмөн санап, өз жарандарын Бээжинге өткөрүүдөн баш тартып келген. Бирок быйыл жыл башынан бери административдик бийлик башка өлкөнүн бийлиги «мыйзам бузду» деп айыптаган жарандарды өткөрүп берүү боюнча долбоорду талкуулап жатат. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Гонконгдун тиешелүү жарандарын кылмышка шектүүлөрдү бири-бирине өткөрүп берүү боюнча эки тараптуу келишими жок мамлекеттерге, анын ичинде Кытайга, Макаого жана Тайванга да экстрадициялоого жол ачылат.

Митингге чыккандар мыйзам күчүнө кирсе, Гонконг автономия укугунун бир бөлүгүнөн кол жууйт жана экстрадициялангандар Кытайдын сот системасында өзүн коргой албай калат деп чочулашууда. Ошондой эле алар Кытайдын бийлиги бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

«Бул мыйзамдын Гонконгдогу кийинки муун үчүн таасири абдан чоң болот. Эгер мен чыкпай койсом эмне болот? Гонконгдун ар бир тургуну бейпил турмушту каалайт. Бул мыйзамдан улам баарыбыздын үрөйүбүз учуп турат», - деди нааразылык акциясынын катышуучусу, 33 жаштагы Крис Квок.

Жүрүш учурунда ар жерде кагылыштар болду. Акцияга чыккандар мыйзам чыгаруу мекемесине кирүүгө аракет кылып, убактылуу койгон тосмолорду алып салууга аракет кылышты. Кагылыштан үч полиция кызматкери жана бир журналист да жабыркаганы кабарланды.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жүз миңдеген адам катышкан акцияны Кытайга зыян келтиргиси келген «чет элдик күчтөргө» оодарды.

Кытайдын «China Daily» басылмасы: «Гонконгдун айрым тургундары оппозициянын жана анын чет жердеги союздаштарынын азгырыгына кирип, экстрадицияга каршы өнөктүктү колдой башташты. Ар бир акыл-эси бар киши мурдатан эле бышып жетилген бул мыйзамды колдоого алат. Ал мыйзамдардагы боштукту толуктоого багытталган жана Гонконгду кылмышкерлердин коопсуз жайына айлантууга жол бербейт», деп жазды.

Ал арада Гонконгдун бийлиги кылмышкерлерди Бээжинге экстрадициялоону караган, калкты нааразы кылган мыйзам долбоорунан баш тартпай турганын билдирүүдө. Бул тууралуу Кытайга баш ийген Гонконг администрациясынын башчысы Кэрри Лам айтты. Ал белгилегендей, бул мыйзам долбоору Гонконг эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлер баш калкалоочу жай болуп калбашын көздөйт жана жалаң эле Кытайга эмес, башка мамлекеттерге да экстрадициялоону карайт.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары өткөрүлүп берилген.

Гонконг кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча 20 мамлекет, анын ичинде АКШ жана Британия менен келишим түзгөн. Кытай менен мындай келишим жок. Бул маселе 20 жылдан бери талкууланып келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG