Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу 14-июнда Бишкекте өткөн кыргыз-индус бизнес-форумунда айтылды.
Жыйында кыргыз бийлиги Индия менен соода-сатыкты жакшыртуу ниетин билдирип, индиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды.
Бизнес-форум Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында (ШКУ) Кыргызстанга жасаган расмий сапары учурунда болду.
Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 37 миллион долларды түзгөн.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү тең бизнес-форумда бул көрсөткүчтү жогорулатуу ниетин билдиришти. Форумга эки мамлекеттин жетекчилери да катышты.