Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

ПАСЕ Беларусту өлүм жазасын ишке ашырганы үчүн айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) Беларусту өлүм жазасын колдонгону үчүн айыптап, өлкө бийлигин тез арада бул ыкмага мораторий киргизүүгө чакырды. Парламенттик ассамблеянын өкүлү Титус Корлэцян 17-июнда Беларуста киши өлтүрүү боюнча соттолгон Александр Жильниковдун өлүм жазасына тартылышына өкүнөрүн билдирди. Ошондой эле аны менен чогуу айыпталган Вячеслав Сухарконун тагдыры белгисиз экенин айтты. Ал Беларус бийлигин эгерде Сухарконун өкүмү ишке аша элек болсо, андан баш тартууга үндөдү.

«Весна» укук коргоо кыймылы 13-июнда Беларуста үч кишинин өлүмү үчүн айыпталган Жильников атууга кесилип, ал жаза жүзөгө ашканын кабарлаган. Ушул эле иш боюнча айыпталып жаткан Сухарконун тагдыры белгисиз экенин, адатта мындай учурда чогуу соттолгондор бир убакта жазага тартыларын билдирген.

«Азаттыктын» беларус кызматынын маалыматына караганда, 1991-жылдан бери өлкөдө 300дөн ашык киши өлүм жазага тартылган.

Беларус - Европада өлүм жазасы колдонулган жалгыз мамлекет. Буга чейин БУУ «беларус соттору калыс эмес» деп сындап, өлүм жазасы боюнча өкүмдөр талаш жаратып келатканын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG