Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

УКМК: Тарых музейи боюнча шектүүлөр арасында Атамбаев да бар


Тарых музейи.
Тарых музейи.

Тарых музейин оңдоо боюнча кылмышка шектүүлөрдүн арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталууда.

Бул тууралуу бүгүн Атамбаевдин кол тийбестигин караган депутаттык комиссиянын жыйынында маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу билдирди:

- Ал иш тергелип, тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, азыр сотто каралууда. Бир кылмыш иши бөлүнүп, реестрге катталып, тергелүүдө. Шектүүлөр арасында экс-президенттин да аты бар. 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлганын айткан. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

Башкы прокурордун сөзүнө караганда, музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тарткан.

Депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюп жатат. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук, бийликтин узурпациясы деген башка кинелер бар.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн буруу» деп баалап жатат. (BTo)

 

XS
SM
MD
LG