Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Евробиримдик уран калдыктарын зыянсыздандырууга көмөктөшөт


Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы уран калдыктары көмүлгөн жерлер.
Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы уран калдыктары көмүлгөн жерлер.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга жана айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тууралуу Европа комиссиясынын өкүлү Паскаль Даурес билдирди. Даурестин айтымында, Европа Биримдиги Борбор Азиядагы айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча атайын программа иштеп чыккан. Анын алкагында Борбор Азиядагы уран калдыктары көмүлгөн жети жай тандалып алынган. Ага Кыргызстандагы Миң-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтар да кирген.

Еврокомиссиянын өкүлү бул программаны ишке ашырыш үчүн жалпысынан 85 миллион евро жумшала турганын белгиледи. Каражаттын 17 миллион евросу топтолгонун кошумчалады. Комиссия өкүлүнүн маалыматына караганда, аталган программаны ишке ашыруу жаатында Кыргызстандын бийлиги кызуу иштеп жатат.

Программанын алкагында Кыргызстандагы иштер жыл аягына чейин башталат. Кыргызстандагы обьекттерди зыянсыздандыруу үчүн 39 миллион евро керектелет. Мунун 30 миллиону Майлуу-Суу, 5 миллиону Миң-Куш, 4 миллиону Чаткалдын Шекафтар аймагына жумшалмакчы. Европа Биримдигинин айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү программасы 10-15 жылга созулат. (BkA)

XS
SM
MD
LG