Казакстандын Ички иштер министрлиги июндун башындагы шайлоодогу нааразылык акциялары маалында 300гө жакын полиция кызматкери жаракат алганын билдирди. Мекеме 18-июнда митингдерде полиция атайын каражаттарды колдонбогонун маалымдады.
Шайлоого нааразылык учурунда жалпысынан төрт миңге жакын киши кармалып, үч миңге чукулу протокол түзүлгөндөн кийин кое берилгени айтылды. Мындан тышкары 677 адам бир нече күнгө камакка алынып, 305 жаран айыпка жыгылган.
9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткен. Ал 12-июнда ант берип, кызматына расмий киришти. Батыштык байкоочулар Казакстандагы шайлоону сынга алып, бир катар мыйзам бузулган учурлар болгонун белгилеп жатышат.