Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Батукаевдин эрте бошотулушу боюнча дагы бир жетекчи кармалды


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына байланыштуу кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында шектүү катары өкмөт аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов кармалды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

Бекеновдун кармалганы тууралуу расмий маалымат жок. Батукаев боюнча кылмыш ишин тергеп-иликтеп жаткан Ички иштер министрлиги маалыматты ырастай элек.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Ошол эле күнү чартердик учак менен токтоосуз Чеченстанга чыгып кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана ичер суусу азайып калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок Батукаев азыр деле тирүү.

Кыргызстанда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Тергөөнүн алкагында ага «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да кармалып, кийинчерээк тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин үй камагына чыкканы айтылган. Ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берген.

2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Батукаев түрмөдөн чыккан кезде Башкы прокуратураны жетектеген экс-депутат Аида Салянова да өткөн аптада кармалып, 26-июнга чейин камалган. Ал 15-июнда жүрөк илдетинен улам ооруканага которулган.

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев да 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген.(NT)

XS
SM
MD
LG