Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын эки юристи Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага койгон доо арызы боюнча иштин негизин кароо биринчи инстанцияга кайтып келди. Бул тууралуу «Азаттыкка» юрист Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, иш боюнча биринчи өкүм чыгарган Октябрь райондук сотунда 21-июнда отурум өттү. Атамбаевдин адвокаты Жогорку соттун чечимин колуна албаганын айтып, даярданууга убакыт сурагандан кийин сот жараянды 25-июнга калтырды.
Юрист түшүндүргөндөй алар Жогорку сотто утушкан менен райондук сот доо-арыздын өзүн кайра карашы керек. Ал кароосуз калтырылышы керек же экс-президент Башкы прокуратура аркылуу эмес, укугун өз алдынча жеке доогер катары коргошу зарыл.
Башкы прокуратура 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданган. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган.
Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылы 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган. Юристтер Конституциялык палатанын ушул бүтүмүнө таянып, ишти кайра кароо боюнча шаардык сотко арызданган.
Бишкек шаардык соту февралда «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган. Май айында Жогорку ушул эле чечимди күчүндө калтырып, ишти кайра Октябрь райондук сотуна жиберген.
Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттаган, ал эми ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева юристтерди сотко берген. (ErN)