Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Сот юристтердин ишин артка кайтарды


Юристтер Канатбек Азиз, Таалайгүл Токтакунова жана экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Юристтер Канатбек Азиз, Таалайгүл Токтакунова жана экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча иш кайра Октябрь райондук сотуна жиберилди.

Бишкек шаардык соту 27-февралда ушундай чечим чыгарды. Юристтер бул адилеттүү болгонун айтып, райондук сот ишти биротоло токтотот деп үмүт артып турушат. Ал эми Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) соттун бул чечимин бийликтин көрсөтмөсү катары баалап жатат.

Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Эми иш жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу аталган райондук сотто кайра каралат.

Башкы прокуратура 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданган. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы былтыр 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган.

Юристтер Конституциялык палатанын ушул бүтүмүнө таянып, ишти кайра кароо боюнча шаардык сотко арызданган. Анын жыйынтыгы тууралуу Канатбек Азиз «Азаттыкка» буларды билдирди:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

- Чечим кечээ, 27-февралда чыгып, доо толугу менен жокко чыгарылды. Бирок Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп сотко берген Индира Жолдубаеванын арызы калды. Бишкек шаардык соту аны кайрадан Октябрь райондук сотуна жиберди. Себеби кайсы сот мыйзамсыз чечим кабыл алса, кайра ошол сот аны жокко чыгарат. Бирок коюлган 10 миллион сомдук доо жана «АКИпресске» барып, «туура эмес маалымат бериптирбиз, жүк Атамбаевдики эмес экен» деген сөздөрдү айтуу боюнча соттун чечими жокко чыкты. Эми соттук материалдар Бишкек шаардык сотунан Октябрь райондук сотуна өткөрүлдү. Мыйзам боюнча райондук сот аны бир айдын ичинде карап чыгыш керек. Мүмкүн ал 10 же 20 күндүн ичинде болуп калышы ыктымал.

Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган. Алардын маалыматына караганда, банкта Канатбек Азиздин 204 миң сому, Токтакунованын 167 миң сому турат. Андан тышкары Токтакунованын үч автоунаасы, Бишкектеги эки үйү менен эки жер тилкеси камакка алынган.

Таалайгүл Токтакунова Октябрь райондук соту эми чечимди алардын пайдасына чыгарат деп ишенип турат. Ал коюлуп жаткан айыптарды далилдеп бериш үчүн Алмазбек Атамбаев сотко өзү келиши керек деп эсептейт.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Соттун чечиминде «жүк аткезчилик жол менен келген. Ошондон кийин Атамбаев байып кеткен» деген мен айтпаган эле сөздөр кошулуп калган, - деди ал. - Ушунун баары сотто каралыш керек. Эми өзү (ред: Алмазбек Атамбаев) сотко келиши керек. Анткени прокуратура сотко анын кызыкчылыгын коргоп кайрыла албайт. Ошондой эле 10 миллион сом кайдан чыкты, эмне үчүн кадыр-баркын 10 миллион сомго баалады, айтып берсин да. Эмне үчүн 1 миллион, 100 миллион же 1000 сом эмес?

Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттап, жүк анын үй-бүлөсүнө тиешеси жок экенин бир нече жолу кайталаган.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевге байланышкан акыркы соттук чечимдерди бийликтин тапшырмасы катары сыпаттады:

- Бир жылдан бери эле экс-президент Алмазбек Атамбаевди каралоо өнөктүгү жүрүп жатат. Муну бийликтин өзүнүн башкы саясий каршылашына кылып жаткан басымы, кысымы деп эсептейбиз. Азыр соттор толугу менен өз алдынча иш алып барган жок. Мисалы, Бишкек шаардык сотунун кечээ кабыл алган чечими деле кайсы бир көрсөтмөнүн көрсөткүчү болсо керек.

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова сөз болуп жаткан иш артка кайтарылганы менен сот бийлиги дагы эле өз алдынча боло албай жатканына көңүл бурду:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Кайсы гана бийлик келбесин, ошол бийликтин сөзүн сүйлөй турган сот тутумун калыптандырып алдык. Бүгүн «жакшы чечим чыгарды» деп сүйүнүп жатабыз. Эртең саясий абал өзгөрө турган болсо соттор кайра эле туура эмес чечим чыгара бериши мүмкүн. Бул күтүлгөн эле жагдай. Анткени системалуу эч нерсе өзгөргөн жок. Эгер системалуу иш жүрсө соттор «биз мыйзамдуу чечим кабыл алсак ошол бизди коргойт экен» деп мыйзамдын чегинде иштемек. Азыр андай жок. Сот кылып ишке отургузууну, кайра кызматтан кетирүүнү президент гана чечкендиктен эч нерсе өзгөрбөйт.

Башкы прокуратура «Ата Мекендин» юристтеринин Дача-СУга кулаган жүк боюнча басма сөз жыйынын чагылдырган «Азаттык Медиа» мекемеси менен мурунку «Zanoza.kg», азыркы «Кактус Медиа» каражатын да сотко берген.

2017-жылдын жайында ошол кездеги президент Атамбаевдин сунушу менен сот «Азаттыктын» банк эсептерине коюлган чектөөнү алып салган. Андан бир жыл өткөндөн кийин Атамбаев «Zanoza.kg» маалымат каражатына болгон доосунан да баш тарткан.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кулап түшкөн учактагы жүк кимдики экендиги тууралуу кеңири маалымат айтылган эмес. Кырсыктын айынан Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG