Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Финпол: Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калдык, эч жактан басым болгон жок


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финполиция) Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калды.

Мекеменин башчысы Бакир Таиров 18-июнда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып “ушул жумада жыйынтыгын чыгарабыз” деп билдирди.

Ал тергөө учурунда Финполго эч бир тараптан кысым же басым болбогонун айтты:

- Тергөө тобуна тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирген. Тергөөнүн өз мөөнөтү бар. Ошол боюнча иш алып баруудабыз. Мына, бүгүн 18-июнь, ушул жума биз жыйынтыгын чыгарабыз. Мен жогору же башка жактан бизге "карап кой" деп эч кандай чалуулар болбогонуна ишендирип кете алам.

Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Бирок Матраимов өкмөттүн мындай чечими туура эмес болгонун айтып сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары аны колдогон чечим чыгарган.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган.

Финполициядагы топ февраль айынын бери иштөөдө.

Быйыл 29-майда «Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген көрсөтүүсүндө Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган. (MTo)

XS
SM
MD
LG