Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) башчысы Бакир Таиров “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар тууралуу иликтөөсүндө аты аталган эки адамдын аны менен туугандык байланышы бар экенин ырастады.
“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Таиров Чолпон Элмуратова анын 2016-жылы жол кырсыгынан каза болгон бир тууган инисинин жубайы, ал эми Токтосун Туманбаев эң кичүү карындашынын күйөөсү экенин айтты.
“Бирок аларга тиешем жок. Мен бир туугандарым ким менен байланышарын сурабайм. “АКА-Петролеумду” билбейм”, - деген Финполдун башчысы Райымбек Матраимов боюнча иликтөө акыйкат жүрүп жатканына сөз бере аларын кошумчалады.
29-майда “Азаттык” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2011-2017-жылдары Кыргызстандан которулган 700 миллион доллардын бир бөлүгү Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан "AKA Петролеумга" кеткени айтылган.
Ал эми "АКА Петролеум" жана Чолпон Элмуратова - “Терек-Сай жаштары” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) негиздөөчүлөрү.
“Терек-Сай жаштары” 2014-жылы Чаткалдагы Кассан сурьма кенин иштетүү укугун аукциондон 4,5 миллион долларга утуп алган. Аталган компанияны Токтосун Туманбаев башкарат.
2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган.
Иликтөөнү Финансы полициясы жүргүзүүдө.
Быйыл 29-майда «Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген көрсөтүүсүндө Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган. (MTo)