Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү, юрист Нурбек Касымбеков «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын кол тийбестик жөнүндө бүтүмүнө комментарий берди. Ал чечим атайылап, шашылыш кабыл алынды деп эсептей турганын айтты:
- Эмне себептен негиздүү деп тапканы айтылган жок. Жөн гана «бул туура, бул туура эмес» деп коюптур. Бул жагдайда Башкы прокуратура өзү корутунду бериши керек эле. Эмне себептен, эмне далил бар экенин билдириши керек болчу. Ал жок болуп атпайбы. Башкы прокуратура аны жума күнү кабыл алып, дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңешке жибериптир. Ишемби, жекшембиде кантип карап, кантип иштеп калышты? Буга чейин «Башкы прокуратура корутундуну бир айга жакын изилдейт» дешкен. Кана, бир ай? Дем алыш күндөрү изилдеп жибериштиби?
Бүгүн, 25-июнда парламенттин тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмд караган. Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылганын, калган бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылганын жарыялады. Алар - «Кой-Таштагы үйүнүн жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар.
Парламент 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн.
Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча корутундусу ушул шаршемби же бейшембиде жалпы сессияда каралмай болду. (NT)