Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:07

Кой-Ташта Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы түзүлгөнү кабарланды


Алмазбек Атамбаев быйыл 8-июнда Бишкекте өткөн митинг учурунда.

Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында анын тарапкерлеринин штабы түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевди жактаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, учурда экс-президенттин үйүнүн жанындагы көчө боюнда бир нече боз үй тигилип, эл топтолуп жатат.

Турдукулов штаб «мыйзамсыздыкка» каршы түзүлгөнүн кошумчалады. Ал мындай кадамга Башкы прокуратуранын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна берген бүтүмү себеп болгонун, мурдагы президенттин үйүндө басма сөз борбору да ачылганын айтты.

Бүгүн, 25-июнда парламенттин тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмдү караган. Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылганын, калган бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылганын жарыялады. Алар - «Кой-Таштагы үйүнүн жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар.

Парламент 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча корутундусу ушул шаршембиде же бейшембиде жалпы сессияда каралмай болду.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуп, анда сүйлөгөн сөзүндө өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. Ал сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялады. Саясат талдоочулар мурдагы президенттин кескин билдирүүсү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна терс таасир тийгизерин эскертип, бийлик менен оппозицияны ымалага келүүгө чакырып жатышат.

Алмазбек Атамбаев катышкан жыйын буга чейин КСДПнын кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» имаратынын алдында да өткөн. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG