Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

УКМК Атамбаевди «көздүн карегиндей сактоого» үндөгөн адамдын сөзүн төгүндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери айткан сөздөргө байланыштуу эскертүү берди.

«УКМКнын Оштогу башкармалыгынан куралчан 200 кызматкерди Бишкекке алып келишти» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул фейк кабар. Калп маалыматты атайылап жайылткан адамдар мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартыларын эскертебиз» деп билдирди 26-июнда мекеменин басма сөз кызматы.

22-июнда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын 400дөй тарапкери чогулган жерден Фархат Баабиев деген адам «Оштон 200дөй атайын аскерди ШКУга деп алып келиптир. Ошолор менен Алмаз Шаршеновичти алабыз деген ниети бар экен. Биз 200 жоокерден коркпойбуз. Алмаз Шаршеновичти көздүн карегиндей сактайлы» деп айткан.

Жогорку Кеңеш бир нече иш боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп эсептегендиктен ушул күндөрү анын кол тийбестигин алууга аракет кылып жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG