Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Жанарбек Акаев: Атамбаевдин ишинде күч органдары кынтыксыз иштеши керек


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишинде күч органдары кынтыксыз иштеши керек экенин айтты:

- Бардык күч органдарын абдан кылдат иштөөгө, шашпоого жана кымындай да шек жаратууга негиз бербей иштөөгө чакырам. Анткени азыр шашып кетсек кийин бир топ суроолор жаралышы мүмкүн. Бул иште эч кандай саясий боёк, саясий атаандаштарга каршы иш болбош керек. Бир гана мыйзамдын, калыстыктын алкагында иш жүрүш керек. Ошол эле убакта экс-президент да ар кандай чагымчылдыктан алыс болуп, экс-президент деген макамга ылайык туруктуулукту башкы орунга коюш керек деп ойлойм.

Парламент учурда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG