Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

АКШ: Президентикке үмүткөр демократтардын экинчи теледебаты өттү


Демократиялык партиянын атынан президенттикке ат салышууну көздөгөндөрдүн теледебаты. 27-июнь, 2019-жыл.
Демократиялык партиянын атынан президенттикке ат салышууну көздөгөндөрдүн теледебаты. 27-июнь, 2019-жыл.

АКШда Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болууну көздөгөн саясатчылардын экинчи теледебаты өттү. 27-июндагы телетаймашка бул жолу да он талапкер катышты.

Эки миллионго чукул америкалык түз эфирде көргөн эки сааттык дебатта медициналык кызматтардын акысынын жогорулугу, айлык акыдагы теңсиздик сыяктуу маселелерге көбүрөөк көңүл бурулду.

Баш-аягы 24 демократ 2020-жылы өтө турган шайлоодо республикачылардын жалгыз талапкери, азыркы президент Дональд Трампка атаандаш болууну көздөп турат.

Алардын биринчи теледебаты 26-июнда өтүп, ага да он киши катышкан. Бул эки телетаймаш талапкерлерге атаандаштарынан өзгөчөлөнүүгө жана шайлоо кампаниясы үчүн көбүрөөк каржылык колдоо табууга жардам берет.

Ушул тушта демократтардын арасынан мурдагы вице-президент Жо Байдендин жана 2016-жылы президенттик шайлоодо ат салышууну көздөп, бирок партиянын ичинде Хиллари Клинтонго утулуп калган сенатор Берни Сандерстин рейтинги жогору болуп турат.

Сурамжылоолорго ылайык, сенаторлор Элизабет Уоррен менен Камала Харристин да алдыга суурулуп чыкканга мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG