Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

Италияда 43 адамдын өмүрүн алган көпүрө толугу менен жок кылынды


Моранди көпүрөсү урагандан кийин. 14-август, 2018-жыл.
Моранди көпүрөсү урагандан кийин. 14-август, 2018-жыл.

Италиядагы Генуя шаарындагы Моранди көпүрөсүнүн калдыктары толугу менен жок кылынды. Өткөн жылдын август айында көпүрө кулап, 43 адам ажал тапкан.

45 метр бийиктиктеги эски конструкциянын калдыктарын жок кылыш үчүн адистер жарым тонна жардыруучу зат колдонушкан. Жардыруунун алдында бийлик жакын айланадагы 3,5 миңдей адамды убактылуу коопсуз аймактарга көчүрдү.

Өткөн кылымдын 60-жылдары курулган Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтчү. Былтыр 14-августта шашке ченде анын темир жолдун үстүндөгү, жарымынан көп бөлүгү урап түшкөн. Ошол кезде өтүп бараткан 30дай жеңил машине жана үч жүк ташуучу унаа да кошо кулаган.

Бийлик кийинки жылдын ортосуна чейин жаңы көпүрөнүн курулушу аяктарын убада кылышты.

XS
SM
MD
LG