Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Италия: көпүрө кырсыгынан 40тай киши өлдү


Моранди көпүрөсү урагандан кийин. 14-август, 2018-жыл.
Моранди көпүрөсү урагандан кийин. 14-август, 2018-жыл.

Италиянын Генуя шаарындагы көпүрө ураган кырсыктан каза болгондордун саны 38ге жетти.

Бул кырсыкка байланыштуу Италияда эки күндүк аза күтүү жарыяланды. 14-августта бийиктиги 50 метр көпүрө урап түшкөндө анын үстүнөн өтүп бараткан 30дай машине да кошо кулаган.

Италиянын Генуя шаарындагы Моранди көпүрөсү урагандагы кырсыктан 38 киши, анын ичинде 8, 12 жана 13 жаштагы үч бала каза тапты. Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка көпүрөнү тиреп турган устундун кулаганы себеп болгон. Кайгылуу окуя болгон жерге барган премьер-министр Жозеппе Конте кырсыктын себеби иликтенип жатканын билдирди:

Жузеппе Конте.
Жузеппе Конте.

- Мага берилген маалыматтарга таянып, каза тапкандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп ойлоп жатам. Бул баарыбыз үчүн абдан оор трагедия. Эч кандай жарылуу болгон жок. Ошондой эле кандайдыр авария болгону тууралуу да маалымат жок. Биз көпүрөнүн курулушу ураган деп ойлоп турабыз. Бул көпүрөнүн долбоору 60-жылдары жасалып, 1967-жылы курулган. Ал кезде да, азыр да бул абдан кооз инженердик курулуш болгон. Бирок ал Италиядагы башка объектилер сыяктуу эле эскирген экен. Аны оңдош керек болчу.

Премьер-министр Жозеппе Конте мындай кырсыктар болбошу үчүн өлкөдөгү бул сыяктуу объектилердин баары жакшылап текшерилип чыгарын кошумчалады. Куткаруучулар дагы эле урандыларды аңтарып, адамдарды издеп жатышат. Полиция урандылардын арасында дагы он чакты киши болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Куткаруучулардын өкүлү Лука Кэри буларды айтты:

- Окуя болгондон бери иштеп жатабыз, адамдарды аман алып калыш үчүн ишти түнү менен жүргүзүп, такыр токтоткон жокпуз. 400дөй куткаруучу иштеп жатат. Буга чейин биз оңой казууга болгон жерлердин баарын текшерип чыктык. Эми жумуштун оор жерине келдик. Куткаруучулар кирип, адамдар бар-жогун текшериш үчүн ураган көпүрөнүн оор бетондорун жылдыра баштадык.

Куткаруу иштери.
Куткаруу иштери.

Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтөт. 14-августта шашке ченде анын темир жолдун үстүндөгү, жарымынан көп бөлүгү урап түшкөн. Ошол кезде өтүп бараткан 30дай жеңил машине жана үч жүк ташуучу унаа да кошо кулаган. Шаар тургуну Марио Борлони болгон окуяга ишене албай турат:

- Кечээ эртең менен болгон бул кырсык жүрөктүн үшүн алды. Биз такыр ишене албай турдук. Анткени ушундай болот деп эч ойлогон эмеспиз.

Ураган көпүрө.
Ураган көпүрө.

40тай кишинин өмүрүн алган бул кырсыкка байланыштуу Италияда эки күндүк аза күтүү жарыяланды. Узундугу 200 метр, бийиктиги 50 метр болгон көпүрө автомагистралдын бөлүгү болчу. Көпүрөдө оңдоо иштери акыркы жолу эки жыл мурда жасалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG