Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Казакстандын Атырау облусундагы мунай кенинде жапырт мушташ чыкты


Теңиз мунай кенинде жумушчулардын айылы.
Теңиз мунай кенинде жумушчулардын айылы.

Казакстандын Атырау облусунун Теңиз мунай кенинде жумушчулардын арасында жапырт мушташ чыкты.

«Азаттыктын» казак кызматы жазгандай окуя 29-июнда болгон. «Сohsolited Contracting Endihering and Prourement S.A.L Offshore» компаниясынын жумушчулары Ливиянын жаранына каршы нааразылыкка чыгышкан. Буга анын колундагы рацияны кызга такап түшкөн сүрөтүн «WhatsApp» тиркемесине жарыялаганы негиз болгон.

Окуя болгон жерде полиция менен прокуратуранын кызматкерлери жүрөт. Андан тышкары облус акими, облустун полиция башчысы баш болгон жетекчилер барганы кабарланды.

Социалдык тармактарга тараган виделордо атайын жумушчулардын кийимин кийген бир нече киши жөнөкөй кийимчен адамды башка-көзгө койгулап сабап жатканын жана жүрүп бараткан автобустарды таш менен чаап жатканын көрүүгө болот.

Жогорудагы ишкананын атын атагысы келбеген кызматкери «Азаттыктын» казак кызматына компаниядагы жумушчалар теңсиздик мамилеге көптөн бери нааразы болуп жүрүшкөнүн, бүгүнкү нааразылыкка 15 миңдей кызматкер чыкканын айтып берген.

XS
SM
MD
LG