Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Түлеев Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча штаб түзгөнүн жарыялады


Алмазбек Атамбаев менен Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек-Москва каттамындагы учакта. 22-октябрь, 2018-жыл.
Алмазбек Атамбаев менен Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек-Москва каттамындагы учакта. 22-октябрь, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, аны «аймак аралык кастыкты козутуп жатат» деп айыптады.

«Фейсбуктагы» баракчасына Түлеев Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыш үчүн штаб түзгөнүн жарыялап, буга саясий күчтөрдү кошулууга чакырды:

«Бул штаб эч кандай саясий боёкко ээ эмес, эч бир тараптын кызыкчылыгын коргобойт. Биз Сооронбай Жээнбековдун бийлигин колдобойбуз жана Алмазбек Атамбаевге да каршы эмеспиз. Биз мыйзамдын духу жана тамгасы сакталышын гана каалайбыз, штабдын ишмердүүлүгү саясатташпайт жана мыйзамдуулукту сактоого гана багытталат. Атамбаевдин катачылыгын далилдеш үчүн штаб анын резиденциясына тынчтык жүрүшүн жасайт, аны мыйзам чегинде иш алып барууга чакырат. Биз колубузга Конституцияны жана кодекстерди гана кармап, анын тарапташтарын мыйзам чегинде аракет кылууга чакырабыз. Азыркы учурда аны эч ким чакырган жок, камоого аракет кылган жок, эгер керек болсо суракка алууну каалашса ал тергөө органдарына башка жарандар сыяктуу эле келиши керек жана өз көрсөтмөлөрүн бериши керек. Биз Индияда эмеспиз жана ал ыйык уй эмес. Чоң масштабдагы саясатчы катары өзүн көрсөтүп келе жаткан киши баарыбызга үлгү болушу керек. Эгер ал күчүн көрсөткүсү келсе курал менен эмес, эрки менен көрсөтсүн. Ал өзүнүн эркин муштумдай түйүп коркпой барышы керек жана өзүнүн чындыгын далилдеши керек».

Нариман Түлеев штаб «Мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча элдик штаб» деп аталаарын, жөө жүрүшү жакынкы күндөрү өтөрүн белгиледи. Ал жүрүштөн кийин Атамбаевдин үйүнүн жанында мөөнөтсүз митингдер да болорун кошумчалады.

Мурдараак экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү тараткан.

Парламент 27-июнда мурдагы президент Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратты. Атамбаев муну «демократияга балта чабуу» катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. ​Ал 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушкан учурда сүйлөп жатып, сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG