Гонконгдо полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, демонстранттарды парламент имаратынан сүрүп чыгарды. Полициянын операциясы 2-июлга караган түнү болду.
Жүздөгөн демонстранттар 1-июлда парламент имаратына бастырып киришкен. «Reuters» агенттиги алардын көбү темир арматура, түтүктөр менен куралданганын жазды. Телекадрларда алар дубалдардагы сүрөттөрдү талкалап, тамдарга граффити тартканын, залдарга тамак-аш салынган кутуларды алып келип жатышканын көрүүгө болот. Бийлик нааразылыкка чыккан жаштарды «козголоңчулар» деп атады жана имараттан чыгып кетүүгө чакырды.
Гонконгдун башчысы Керри Лам демонстранттардын имаратка бастырып киришин «зомбулук жана вандализм» деп айыптады.
1-июлда эртең менен Гонконгдун Кытайдын юрисдикциясына өткөнүнүн 22 жылдыгына арналган иш-чара полиция менен демонстранттардын кагылышуусу менен аяктаган. Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчый элек. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элдин нааразылыгын жараткан. Мыйзамга каршы чыккандар долбоор диссиденттерди, адилетсиз куугунтукталган адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачат деп чочулашат.
Массалык нааразылык акциясынан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоорду толугу менен чакыртып алууну, аймактын башчысы Керри Ламдын кызматтан кетишин талап кылышууда.
Өткөн дем алыш күндөрү Гонконгдун көчөлөрүнө 2 миллиондой киши чыккан. 1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы өз алдынча бойдон калышы керек деген шарт коюлган.