Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Жалил Атамбаевдин иши: 40 млн. сом салык төлөнбөгөнү маалымдалды


Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.
Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.

Ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталганы кабарланды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Оштогу ишкер Жалил Атамбаевдин салыктан качканы тууралуу фактыга байланыштуу териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын 3-июлда жарыялады. Сүрүштүрүү иштери «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин башталган.

Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталган. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшериле баштаган.

Расмий маалыматта айтылгандай, «териштирүүдө «А.Д.» ишканасы 28 миллион сом, О.О. ишканасы 12 миллион сом жашырганы такталды».

Жалил Атамбаев жана анын жакындары бул маалыматка карата азырынча позициясын билдире элек.

«Азаттыктын» иликтөөсү 17-апрелде обого чыккан. Берүүдө Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына тиешелүү экени айтылган ППА, «Ормош-Ойл», «Жаңы доор», «Токбай курулуш», «ЖБК строй», «Беш-Арча», «Агро доор» жана «Айтук строй» фирмалары мамлекетке салык төлөбөй келгени көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу бир катар депутаттардын жана коомчулуктун сын-пикиринен кийин Финансы полициясы текшерүү ишин баштаган.

Иликтөөдөн соң ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдон 50 млн. сом өндүрүү максатында сотко кайрылып, кийин арызын кайтарып алган. (SE)

XS
SM
MD
LG