Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал туруктуу экендигин билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Сай айылынын жашоочулары 3-июлда кечке жуук бууп алган Исфара-Ворух жолу 4-июлда түнкү саат экилерде ачылды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлагандай, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жооптуулары жолугуп, кырдаалды курчутпоо маселесин талкуулашты. Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча өкүлү Акрам Мадумаров менен чек арачылар, жергиликтүү жашоочулар сүйлөшүштү.
30-40 тургундун коңшу өлкөнүн Исфара аймагын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду бууп салышына аксайлык ишкерди тажикстандык жаран сабап качып кеткени түрткү бергени айтылган. Бүгүн эртең менен аксайлыктар «Азаттыкка» жол ачыла элек экенин билдиришкен.
Тажикстандын окуя боюнча позициясы азырынча белгисиз. (JsA)