Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:04

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу табыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Суусамырдагы Көкөмерен дарыясына агып кеткен эне-баланын сөөгү табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-июлда сууга кулап кеткен автоунаанын ичиндеги кишилердин арасынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин сегиз жаштагы небере кызынын сөөгү табылганын билдирди.

Ага чейин Абдылдаев жана анын айдоочусунун сөөктөрү табылган. Азыр аялы менен 26 жаштагы уулу изделип жатат.

Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү жана айдоочу түшкөн автоунаа 30-июнда кырсыктап, Көкөмерен суусуна агып кеткен.

Издөө иштерине 100гө чукул куткаруучу, маркумдардын тууган-уругу, ыктыярчылар тартылган.

XS
SM
MD
LG