Нигериялык жаранды уруп өлтүрүүгө шек саналган 22 жаштагы тургун эки айга Бишкектин №1 тергөө абагына камалды.
Анын бөгөт чарасы 5-июлда Свердлов райондук сотунда каралып, ушундай чечим чыкканын шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте 20 жылдан бери балдарга англис тилин үйрөтүп келген нигериялык Али Тижжани Абубакарды "Айчүрөк" соода борборунун жанында 2-июлда жаш жигит урган. Али үч күн комада жатып, каза болду. Соода борбордун күзөт кызматынын видеокөзөмөлүнө жазылып калган тасма интернетке да тарады.
Аны урган адам Ысык-Көлдүн тургуну экени аныкталган. Милиция алар кокустан чырдаша кеткенин билдирген.