Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Венесуэлада жети миңдей киши набыт болду


Демонстранттар менен полициянын кагылышы. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.
Демонстранттар менен полициянын кагылышы. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.

Соңку жарым жылда Венесуэлада өкмөт күчтөрүнүн жана куралдуу топтордун атайын операцияларында бери дегенде жети миңге жакын киши набыт болду. Бул тууралуу Чилинин мурдагы президенти Мишель Бачелет билдирди.

Ал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) суранычы менен Венесуэлада президент Николас Мадуронун режиминдеги адам укуктарынын бузулушу боюнча баяндама даярдады.

Бачелет Венесуэла бийлигинин расмий маалыматтарына таянып жазган баяндамага ылайык, беш миңден ашуун адам былтыр каза тапкан, бир жарым миңи быйыл көз жумду.

Мадуронун өкүлдөрү баяндаманы "бир тараптуу" деп, оппозициянын зордукчул аракеттери камтылбаганын айтууда.

Баяндамачы иликтөө жүргүзүү үчүн июнда Венесуэлага барган.

Венесуэладагы экономикалык жана гуманитардык каатчылыктан улам төрт миллиондой эл коңшу мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болду. Алардын миллионго жакыны Колумбияда баш калкалап турат.

Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадуро Орусия, Кытай, Түркияга таянуу менен бийликтен кетүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG