Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Грузия: Путинди сөккөн журналист эки айга иштен четтетилди


Георгий Габуния түз эфир учурунда. 7-июль, 2019-жыл.
Георгий Габуния түз эфир учурунда. 7-июль, 2019-жыл.

Грузияда Орусиянын президенти Владимир Путинди сөккөн журналист Георгий Габуния эки айга иштен четтетилди. «Рустави-2» телеканалынын журналисти Габуния 7-июлдагы түз эфирде орус тилинде Владимир Путинге кайрылып, жаман сөздөрдү айткан.

Аны убактылуу кызматынан четтетүү тууралуу чечимди телеканалдын жетекчилиги кабыл алды. 8-июлга караган түнү өздөрүн Тбилиси шаарынын тургундары деп атаган ондогон адамдар телеканалдын имаратынын алдында топтолуп, Георгий Габунияны «эки өлкөнүн ортосундагы кастыкты козгоду» деп айыпташты.

Алар журналист менен кошо телеканалдын директорунун кызматтан кетишин талап кылышты. Мындан улам телеканал ишин убактылуу токтото турууга аргасыз болуп, дүйшөмбү эртең менен кайра иштей баштады.

Грузиянын президенти Саломе Зурашвили менен өкмөт башчы Мамука Бахтадзе да журналисттин билдирүүсүн айыптады. «Рустави-2» телеканалынын башкы директору эфирде сөгүнүүгө жол берилбей турганын билдирип, бирок өлкө башчыларынын билдирүүсүн «телеканалдын ишине кийлигишүү, цензура» катары сыпаттады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги грузиялык журналисттин айткандарын «жосунсуз жорук» деп атады.

XS
SM
MD
LG