Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Финпол: Матраимов атындагы фондго 1,4 миллион доллар жана 221 миң сом которулганы анык


Райымбек Матраимов. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары.
Райымбек Матраимов. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары.

Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2014-2019-жылдары 1 миллион 439 миң доллар жана 221 миң сом келип түшкөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылгандарды текшерип, ушундай маалымат бар экенин 9-июлда кабарлады.

Акча келишимдердин негизинде фонддун банктык эсебине кайрымдуулук катары төмөнкү жеке жана юридикалык жактардан которулган:

- «Ж.М.» 10 000 доллар;

- «М.Ч.» 10 000,00 доллар;

- «W.B.» Стамбул шаары, 199 958,2 доллар;

- «D.A.», Стамбул шаары 170 588,00 доллар;

- «S.C.K.G.», Стамбул шаары 139 965,10 доллар;

- «A.G.T.F.», Бириккен Араб Эмирликтери 159 965,00 доллар;

- «A.A.», Өзбекстан 499 950,00 доллар;

- «R.J.», Стамбул шаары 199 760,20 доллар;

- «P.O.», Москва шаары 49 162,00 доллар;

- «М.Р.»221 600,00 сом

Мындан тышкары Wufuli Bumailiyamu аттуу жарандан аталган фондго 100 миң доллар жана 99 миң 958 доллар которулганы тууралуу банктык документтер бар экени айтылды.

Ошону менен катар Финпол иликтөөдөгү Saimaiti Aierken жана Wufuli Bumailiyamu деген адамдар Матраимов атындагы фондго 2 миллион 338 миң доллар которгону тууралуу документтер тастыкталбаганын билдирди.

Быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан.(RK)

XS
SM
MD
LG