Кыргызстандык балбан Нуржигит Кеңешбек уулу күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Тайланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.
«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Нуржигит Кеңешбек уулу грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
Кеңешбек уулу мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач кореялык Минсеоң Практы 11:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште өзбек балбаны Умиджан Акхраровду 4:3 эсеби менен жеңди.
Алдыда Кеңешбек уулу алтын байге үчүн ирандык Бахрам Тайяр Маруфхани Имчех менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат.
Кеңешбек уулунан сырткары мелдештин коло байгеси үчүн кыргызстандык балбандар Данияр Шеримбеков (97 кг) жана Алмазбек Бегалиев (72 кг) таймашат.
9-июлда башталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлга чейин уланат. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта күрөшкөн Акылбек Талантбеков күмүш медал тагынды. Балбандар грек-рим күрөшүнөн сырткары эркин күрөштөн жана кыз-келиндер күрөшүнөн күч сынашат. (GT)