Бүгүн, 11-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Кремлдин басма сөз кызматы Жээнбеков Москвада кыска мөөнөттүү иш сапары менен болоорун билдирди.
Бирок эки тараптын кездешүүсүндө кайсы маселелер көтөрүлө турганы айтылган жок.
Сооронбай Жээнбеков 9-июлдан бери Швейцарияда расмий сапар менен жүрөт. Анын сапары бүгүн аяктайт.
10-июлда президент Швейцариянын башчысы Ули Маурер баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушту. Анын Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында өз ара кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту. Анын ичинде жер-жемиштер боюнча экономикалык долбоор, суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү, Кыргызстандын мамлекеттик карызды башкаруу тармагын бекемдөө, кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү, суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө документтер бар. (NT)