Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:12

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча сот иши уланат

Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкектин Свердлов райондук соту Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүүнү бүгүн, 11-июлда да улантат. Бул тууралуу 10-июлда өткөн жараянда белгилүү болду. 

10-июлдагы отурумда кытайлык ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимге байланышы бар Отун өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу комитетинин бөлүм башчысы Марат Жээнбеков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин мурунку орун басары Бакыт Шаршеналиев, аталган мекеменин кызматкери Канат Рыскулов, Энергетика министрлигинин мурдагы статс-катчысы Батыркул Баетов, «Электр станциялары» ишканасынын юридикалык бөлүмүнүн мурунку башчысы Асел Топчубаева жана ушул эле ишкананын тышкы байланыш бөлүмүнүн мурунку башчысы Маматмуса Үкүбаев күбө катары суралышты. 

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана үй камагында. Ал эми мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, анын  орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2018-жылдын июнь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат.

Былтыр 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан. 

XS
SM
MD
LG