Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Норвегия: Венесуэланын өкмөтү жана оппозициянын сүйлөшүүлөрү улантат


Венесуэланын президенти Николас Мадуро (солдо) менен оппозиция лидери Хуан Гуайдо.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро (солдо) менен оппозиция лидери Хуан Гуайдо.

Венесуэланын өкмөтү жана оппозиция тынчтык сүйлөшүүлөрүн уланта турганын Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги 11-июлда эки тараптын Барбадостогу жолугушуусу майнапсыз аяктагандан кийин кабарлады.

Маалыматта кийинки сүйлөшүүлөр качан болору айтылган эмес. Барбадостогу кездешүү майдын ортосунда Ослодо өткөн алгачкы сүйлөшүүлөрдө тынчтык келишимине жетишүүгө мүмкүн болбогондон кийин өткөн. Эки тараптын сүйлөшүүсүнө Норвегия өкмөтү ортомчулук кылууда.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоп турат.

XS
SM
MD
LG