Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кыргыз-корей өкмөт башчылары жолугушту


Эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён.
Эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён.

Кыргызстан жана Түштүк Корея кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатат.

Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чакан чөйрөдө жолуккан учурда белгилешти.

Абылгазиев Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигинде өзүнүн жакын өнөктөштөрүнүн бири катары эсептей турганын, премьер-министрдин сапары кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүп жатканын айтты.

“Түштүк Кореянын Кыргызстанга алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана пайдаланууга колдоо көрсөтүүсү менен президенттик жана парламенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштыкта өттү. Бул өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөттү”, - деди Абылгазиев.

Мындан сырткары ал Түштүк Корея Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө үлгү болуп жатканын кошумчалады.

Корей премьер-министри 1992-жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын, бул эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Кыргызстандын ШКУ жана ЕАЭБдин алкагында аймактык байланышты жакшыртууга кошкон салымын жогору баалады.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён үч күндүк расмий сапар менен 17-июлда Кыргызстанга келген. Сапардын алгачкы күнү эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтүп, өз ара кызматташуу боюнча эки документке кол коюлган. (КЕ/GT)

XS
SM
MD
LG