Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Алмазбек Атамбаев: Орусияга шаршембиде барам


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 22-июль күнү тарапташтары менен жолугушуу учурунда Орусияга шаршемби күнү барышы мүмкүн экенин "Кактус.медиа" маалымат сайтынын кабарчысына жооп берип жатып билдирди. Бирок кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок.

“Бүгүн дүйшөмбү, балким шаршембиде кетем. Кайсы жактан, кантип кетем - муну чакырып жаткан тарап чечет. Эки күнгө барып келем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июль күнү Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө “элдик штаб” түзүп, топтолуп турушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG