Чет жактагы мекендештер менен байланыш боюнча президентке караштуу кеңештин биринчи жыйынынын катышуучулары Бишкекке чогулууда. Бүгүн алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, күн тартибине ылайык секцияларда иштеп жатышат.
Жыйынга Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышууда.
2-августта кеңештин жыйыны президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өтөт. Анда миграциялык саясаттын концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөнү өнүктүрүүгө инвестиция алып келип катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланат. Миграциялык саясаттын башка маселелери тууралуу да сөз болот.
Кеңеш мамлекеттик органдар менен чет өлкөлөрдөгү мекендештер ортосунда натыйжалуу диалогду калыптандыруу, алардын мекенине кайтып келиши жана өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу максатында түзүлгөн. (RK)