Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:27

Атамбаевдин расмий өкүлү Башкы прокуратурага жооп берди


Сергей Слесарев .
Сергей Слесарев .

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин расмий өкүлү Сергей Слесарев Башкы прокуратуранын Атамбаевдин суракка чакырылганы боюнча билдирүүсүнө кат түрүндө жооп берди.

Анын катында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди азыркы учурда суракка чакыруу Конституцияга каршы келерин айтып, Башкы прокуратура күбө катары чакыруу мыйзамдарын өзүнө ыңгайлуу кылып чечмелеп алган деп эсептейт.

Слерсаревдин билдиргенине караганда, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча өзүндөгү маалымат менен тергөөнү камсыз кылуу үчүн сурактын бир нече формасын сунуштаган.

Биринчиден, тергөө органдарынын кагаз түрүндө берилген суроолоруна массалык маалымат каражаттары аркылуу жооп берүү;

Экинчиден, тергөө органдарынын суроолоруна кат түрүндө расмий өкүлү Сергей Слесарев аркылуу жооп берүү;

Үчүнчүдөн, Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу Конституциялык палатага жазылган кайрылуунун жыйынтыгын күтүү. Атамбаев өз тарабынан Конституциялык палатага ишти тездетип берүүсүн суранган.

2-августта Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суракка чакырылышы боюнча кенен түшүндүрмө тараткан. Анда азыркы учурда Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү зарыл экени айтылат.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келет.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG