Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

АКШ Венесуэланын демократияга өтүшүн колдойт


АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадуронун режимин кулатуу үчүн бардык тийиштүү мүмкүнчүлүгүн колдонот. Бул тууралуу Ак үй тараткан маалыматта айтылат. Анда Вашингтон Венесуэла элин колдоп, гуманитардык жардам менен камсыз кылууга жана өлкөгө демократиянын орношуна жардам берери кабарланат.

Мындан сырткары, Ак үй адам «укуктарын бузууну улантып жатат» деп Мадуронун режимин айыптады. «Венесуэлага демократия орноп, коомдук башаламандык токтоп, жаркын келечек үчүн Мадуронун диктатурасы бүтүшү керек» деп айтылат билдирүүдө.

5-августта АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын бардык активдерин өлкөдө толук токтоткон буйрукка кол койгон.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоп турат.

XS
SM
MD
LG