Нарын районунда Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы чогулуп тургандардын лидерлери менен жергиликтүү бийлик башчылары жолукту. Жолугушууга облустун, райондун, күч органдарынын жетекчилери катышты.
Акциянын уюштуруучулары сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу жалпы чогулгандарга маалымат берип, президентке кайрылуу жазуу тууралуу чечим кабыл алынганын айтышты.
Кайрылууда жалпы эле Нарын облусунда алтын кендерин казууга мөөнөтсүз мораторий жарыялоо жана 5-августтагы чыр үчүн эч кимди камабоо тууралуу талап коюлары айтылды.
Солтон-Сарынын Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы 20 жылга кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына берилген.
Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта нааразылыкка чыккан. Ошол күнү чыр тутанып, 47 кытай жараны 1 жергиликтүү тургун жабыркаган.
7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирди. (MiK)