Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Гонконгдун аэропортунда нааразылык акциялары өттү


Гонконгдо 5-августта өткөн акция.
Гонконгдо 5-августта өткөн акция.

9-августта кара кийим кийген жүздөгөн жаштар Гонконгдун башкы аэропортуна чогулуп, колдоруна бийликке каршы баракчаларды, ондон ашык тилде жазылган ураан-чакырыктарды көтөрүп турушту. Алар жүргүнчүлөргө өлкөдөгү урунттуу окуялар, демонстрациялар учурунда тартылган сүрөттөрдү таратып, дем алыш күндөрү боло турган акция тууралуу кабар берип жатышты.

Шаардагы ири компаниялар бир нече аптадан бери токтобой жаткан демонстрациялар алардын тапкан кирешесине залакасын тийгизип жатканын билдиргенден кийин активисттер акцияларын аэропортто өткөрүүнү чечишкен.

6-августта Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан Бээжиндеги басма сөз жыйынында акцияга чыккандарга эскертүү берип, демонстранттарды "от менен ойнобоого" чакырган.

Гонконгдо июнь айынан бери кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар өтүп, алар кагылышуу менен коштолууда. Бийлик документти кароону токтотуп койгону менен оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын талап кылып жатат.

Ошондой эле демонстранттар Гонконгдун администрация башчысы Керри Лэмдин кызматтан кетишин, демонстранттарга козголгон кылмыш иштеринин токтотулушун, элге күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылууда.

XS
SM
MD
LG