13-августка караган түнү Токмок шаарында поезд (тепловоз) кырсыкка учурап, эки вагон рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы ырастады.
Окуя болжол менен саат 22:00дө катталган.
Баштапкы кабарларга караганда, транспорт катуу ылдамдыкта баратып бурулган учурда ооп кеткен. Курмандыктар жана жабыр тарткандар жок.
Вагондор «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен иштешкен Токмоктогу айнек чыгаруучу заводдун мүлкү болгону кабарланууда.
Кыргызстандын темир жолунда жылына ондогон кырсыктар катталат. Анын көбү адам өмүрүн алуу менен аяктайт. Акыркы жолу 3-июнда Бишкектеги темир жолдо жарылуу болуп, төрт адам жабыркаган. (ErN)